Intern Labs – IT дүйнөсүнө карай жолуңдун башталышына кош кел!
Intern Labs – бул окуу аркылуу тажрыйбага, билим аркылуу ийгиликтүү карьерага жол ачкан такшалмалар. Биз жаңы баштагандарга чыныгы иш жүзүндөгү долбоорлор аркылуу талап кылынган IT кесиптерин өздөштүрүүгө жардам беребиз.
🚀 Intern Labs Cyber Security 1.0 кабыл алуу аяктады
Каттоодон өтүп, тандоотуруна катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз! Бул жылга Cyber Security 1.0 багыты боюнча такшалмага кабыл алуу соңуна чыкты. Intern Labs командасы тандоодон өткөн катышуучулар менен ишке киришти.
🔜 Эми эмне кылуу керек? Эгер сен учурдагы окууга кирбей калсаң – кабатыр болбо! 2025-жылдын августунда башка жаңы багыттар (анын ичинде QA, Java Backend жана мобилдик иштеп чыгуу) боюнча кабыл алуу башталат. Аларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга жана социалдык баракчаларыбызга баш багып тур!
Эгер сен ITтармагындагы эң керектүү кесиптердин бирин тандап, карьераңды ийгиликтүү баштоону кааласаң — бүгүндөн калбай кошул!
Backend: Java
Backend: Java
Эмне себептен Java?
Учурда Java тилинде иштелип чыккан продуктулардын эң ири бөлүгү бул enterprise-чечилиштер. Бул дайым кайсы бир маалыматты эсептөө жана сактоо, ошондой эле frontend тутумундагы же башка тутумдагы суроо-талап
боюнча аларды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү үчүн керектүү backend-бөлүгү. Javaнын эң эле пайдалуу жагы – анын кроссплатформалуулугу, б.а. Java тилинде жазылган продуктулар (C++ тилинен айырмаланып)
операциялык тутумга кайра компиляциялоосу жана ыңгайлаштыруусу жок эле каалаган операциялык тутумда жүргүзүлө берет.
Такшалма алкагында долбоорлордун биринин үстүнөн иштеп, төмөндөгүлөрдү иш жүзүндө үйрөнөсүң:
— CRUD
— Авторлоштуруу/аутентификация/ролдук модель
— Тышкы сервистер менен ылайыкташуу
— Кардарлар баланстары менен иш алып баруу (төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча апини ишке ашыруу / чакан биллинг)
— native SQL аркылуу отчетторду калыптоо
— Vue js-да фронтту ишке ашыруу
— Docker (колдонмолорду докерлөөнүн негизги принциптери)
— Rest API куруу
Жыйынтыгында сен төмөнкүлөргө ээ болосуң:
— Java программалоо тилин үйрөнөсүң;
— Spring фреймворк (Core, MVC, JdbcTemplate) менен иштегенди үйрөнөсүң;
— өз долбооруңду жайып, ишке киргизгенди үйрөнөсүң.
Такшалма баскычтары:
Такшалма эки негизги баскычтан турат:
Биринчи баскычы төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Java тили боюнча теориялык билимдер;
— 3 практикалык иш;
— программалык камсыздоонун архитектурасы жана аны долборлоо негиздери;
— команда ичиндеги коммуникация;
— иштеп чыгууга маселелерди талдоо.
Жыйынтыгы боюнча тил билүү деңгээлине финалдык тесттен өтүү керек.
Экинчи баскычына төмөнкүлөр кирет:
— бүтүрүүчү долбоор үчүн маселелер тизмесин калыптоо;
— бүтүрүүчү долбоорду ишке ашыруу;
— команда жана буюртмачы менен иш алып баруу;
— тесттик чөйрөдө долбоорду жаюу;
— долбоорду тестирлөө.
QA: SDET
QA: SDET
Эмне себептен так SDET?
Заманбап IT-тестирлөөдө QAнын ролу кыйла өзгөрдү. Эми ал кол менен тестирлөөнү гана эмес, автоматташтырууну, ошондой эле өзүнүн тестирлөө куралдарын иштеп чыгууну камтыйт. Бул багыт SDET (Software Development Engineer in Test) деп аталат.
SDET — бул сапат боюнча инженер, ал:
Автоматташтырылган тесттерди жазат
Тесттик фреймворкторду түзүп, колдойт
Иштеп чыгуучулар менен тыгыз байланышта иштейт
Сапатты камсыздоо процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалоонун Java же Python ыкмаларын колдонот
Такшалмадан эмнелерге ээ болосуң?
Чыныгы долбоорлор үстүндө иштеп, төмөндөгү иш жүзүндөгү көндүмдөргө ээ болосуң:
Java тилинде автоматташтырылган тесттерди иштеп чыгуу жана колдоо
Тесттик документтерди (тест-кейстер, сценарийлер) даярдоо
Биллинг системаларын тестирлөө – эсептерди,функционалдуулукту, коопсуздукту текшерүү
Функционалдуу, UI жана интеграциялык тестирлөө(iOS, Android, Web)
Selenium, RestAssured, Appium колдонуп, Java тилинде автотесттерди жазасың
Кошумча тесттик кызматтарды түзүү үчүн Spring Boot’ту пайдаланасың
UI, API жана мобилдик тесттерди иштеп чыгасың жана колдойсуң
e2e-сценарийлер түзүмүн түшүнөсүң
Маалымат базалары, логдор жана чөйрөнүн жөндөөлөрү менен иштейсиң
Ыкчам диагностика жана каталарды жоюу үчүн Python’ду колдоносуң
Микросервистер арасында өз ара аракеттенүү принциптерин түшүнөсүң жана алардын тестирлөөсүнө катыша аласың
Этапы стажировки
Первый этап:
Теоретические основы тестирования, автоматизации и методологий разработки ПО
Практические задания по ручному и автоматизированному тестированию
Развитие командной работы и коммуникации
Анализ багов и написание тестовых сценариев
Финальный тест на проверку знаний и навыков
Второй этап:
Участие в выпускном проекте
Разработка и внедрение автотестов
Взаимодействие с разработчиками и заказчиком
Развёртывание и тестирование проекта
Проведение функционального, нагрузочного и регрессионного тестирования
Cyber Security
Cyber Security
Эмне үчүн киберкоопсуздук?
Заманбап дүйнөдө санариптик чабуулдар барган сайын татаалдашып баратат, ал эми маалыматты коргоо —
компаниялар жана мамлекеттик уюмдар үчүн өтө маанилүү милдет болуп саналат. Киберкоопсуздук жаатындагы
коркунучтар арбын: маалыматтын сыртка чыгып кетүү коркунучунан тартып, бирдиктүү коргонуу системасын
талап кылган татаал, максаттуу чабуулдарга чейинки коркунучтар бар.
Intern Labs Cyber Security — эбул маалыматтык коопсуздуктун негизги аспектилери менен таанышуу
үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк:
— Операциялык системалардын коопсуздугу: заманбап операциялык системалардын коргоо механизмдерин
билебиз.
— Тармак коопсуздугу: компьютердик тармактардын негиздери жөнүндө айтып беребиз, ошондой эле
тармак коопсуздугун камсыздоо ыкмалары тууралуу сүйлөшөбүз.
— Корпоративдик тармактарга жасалган заманбап чабуулдар: чабуулдарды классификациялоо ыкмаларын
изилдейбиз, чабуулдардын түрлөрүн үйрөнөбүз, аларды ишке ашыруунун айрым учурларын кенен карап чыгабыз.
— Санариптик криминалистиканын негиздери жана маалыматтык коопсуздук инциденттерине чара көрүү:
инциденттерге чара көрүүнүн негизги этаптарын карап чыгабыз, санариптик далилдерди чогултууну жана
талдоону, маалыматтарды калыбына келтирүүнү кантип жүргүзүү керектиги, ошондой эле чабуулчунун
аракеттер тизмегин кантип калыбына келтирүү керектиги менен тааныштырабыз.
— Ар бир тема тажрыйбалык жана өз алдынча иштерди камтыйт.
Натыйжада сен төмөнкүлөрдү аткара аласың:
— Киберкоркунучтардын негиздерин жана маалыматты коргоо ыкмаларын түшүнөсүң.
— Операциялык системалардын жана тармактык инфратүзүмдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча билимди
колдоно аласың.
— Корпоративдик тармактарга жасалган заманбап чабуулдарды кантип классификациялоону жана аларга
каршы турууну билесиң.
— Санариптик криминалистика көндүмдөрүн өздөштүрүп, коопсуздук инциденттерине натыйжалуу чара көрө
аласың.
— Санариптик далилдерди талдоо, маалыматтарды калыбына келтирүү жана чабуулчулардын аракеттерин
түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрөсүң.
Бул курс сени маалыматтык коопсуздук тармагында иштөөгө даярдоого жардам берет, маалыматты коргоо
жаатындагы ишенимиңди арттырат жана бул чөйрөдөгү алдыңкы технологияларды түшүнүүгө көмөктөшөт.
Эгер сен киберкоопсуздук боюнча адис болуп, санариптик дүйнөнү коркунучтардан коргогуң келсе — Intern
Labs Cyber Security'ге кошул!
iOS: Swift
IOS: Swift
Эмне себептен Swift?
Swift иштеп чыгуучуга Apple түзүлүштөрү үчүн колдонмолорду түзүүгө жол берет.
Иштеп чыгуучу код жазып, интерфейс үстүндө гана иштебестен, колдонмону
колдоого алып, аны түрдүү түзүлүш моделдерине ыңгайлаштырат,
тестирлейт жана багдарды оңдойт.
Такшалма алкагында долбоорлордун биринин үстүнөн иш алып барып,
төмөндөгүлөрдү иш жүзүндө үйрөнөсүң:
— колдонмонун архитектурасын түзүү;
— колдонмо экрандарын кураштыруу;
— колдонмодогу аутентификация;
— API аркылуу сервистер менен интеграциялоо;
— App Store-до колдонмонун релизи.
Натыйжада сен төмөнкүлөргө ээ болосуң:
— макеттин негизинде колдонмо интерфейсин түзгөндү билесиң;
— тармактык сурамды кандайча түзүү керектигин үйрөнөсүң;
— маалыматтарды – анын ичинде JSON форматындагы (JavaScript-ке
негизделген маалымат алмашуунун тексттик форматы) маалыматты кандайча
иштетүү керектигин үйрөнөсүң;
— башка иштеп чыгуучулардын китепканалары менен иштешкенди билесиң;
— маалымат базаларын колдонмого кошконду үйрөнөсүң;
— архитектуралык ыкмаларды өздөштүрөсүң;
— бир нече программист биргелешип бир программанын үстүнөн иш алып
баруусуна жол берген Git тутумунун колдонгонду үйрөнөсүң.
Такшалма баскычтары:
Биринчи баскычы 3 айга созулуп, ага төмөнкүлөр кирет:
— Swift тили боюнча теориялык билимдер;
— 3 практикалык иш;
— архитектура негиздери жана Программмалык камсыздоону долбоорлоо;
— командадагы коммуникация жөндөмдөрү;
— иштеп чыгууга маселелерди талдоо жөндөмдөрү.
Жыйынтыгы боюнча тил билүүгө финалдык тесттен өтүү керек.
Кийинки 3 ай аралыгында силер төмөнкүлөр менен алектенесиңер:
— бүтүрүүчү долбоор үчүн маселелер тизмесин даярдоо;
— бүтүрүүчү долбоорду ишке ашыруу аракеттери;
— команда жана буюртмачы менен иштешүү;
— долбоорду сынактык чөйрөгө жаюу;
— долбоорду тестирлөө.
Android: Kotlin
Android: Kotlin
Эмне үчүн Kotlin?
Kotlin программалоо тили Android операциялык тутуму үчүн колдонмолорду
түзүүгө жол берет. Аталган тилде смартфондор гана эмес, планшеттер,
акылдуу саттар, ошондой эле Smart TV иштейт. Колдонмонун ыңгайлуулугу
жана функционалдуулугу так иштеп чыгуучудан көз каранды. Мобилдик
иштеп чыгуучу адиси колдонмо архитектурасын гана түзбөстөн, колдонуучу
интерфейсин ыңгайлап, колдонмону тестирлеп, API менен иш алып барат.

— колдонмо экранын кураштыруу;

— колдонмонун Google Play Store-догу релизи.
Жыйынтыгында сен төмөнкүлөргө ээ болосуң:
— макеттин негизинде колдонмо интерфейсин түзгөндү үйрөнөсүң;
— тармактык сурамды кандайча түзүү керектигин билесиң;
— маалыматтарды, атап айтканда JSON (JavaScript-ке негизделген маалымат
алмашуунун тексттик форматы) форматындагы маалыматтарды кандайча
иштеп чыгуу керектигин билесиң;

— архитектуралык ыкмаларга үйрөнөсүң;

Биринчи баскычы 3 айга созулуп ага төмөнкүлөр кирет:
— Kotlin тили боюнча теориялык билимдер;
— 3 практикалык иш;
— архитектура жана Программалык камсыздоону долборлоо негиздери;

Такшалманын кийинки баскычына өтүү үчүн жыйынтыгында тил билүүгө
тесттен өтүү зарыл.

— бүтүрүүчү долбоор үчүн маселелер тизмесинин даярдоо;

Шарттары
Эмнени билүү керек
Такшалмадан өтөм деген бардык каалоочулар маалыматтын базалык
алгоритмдерин жана түзүмдөрүн, ошондой эле такшалмадан өтөм деп
пландап жаткан программа тили боюнча баштапкы билимге ээ болушу зарыл.
Ошондой эле такшалма багытына жараша төмөнкү жөндөмдөр
артыкчылыктуу болот:
- бекенд иштеп чыгуусу үчүн unix серверлер менен иштей билүүсү
- мобилдик иштеп чыгуу үчүн колдонмолорду мобилдик түзүлүштөрдө
жөнгө салуу тажрыйбасы
Талапкерлерди тандоодо биз анкеталарын, аларда баяндалган
жетишкендиктерине карайбыз. Андыктан өз ийгиликтериңер: олимпиада
жеңүүчүсү, жогорку жетишкендик, конференциялардагы жарыялар ж.у.с
туурасында жазуудан тартынбагыла.
Тандоо
Анкетаны толтуруу
Баштапкы тесттен өтүү
Экинчи тесттен өтүү
Бизден чакыруу алуу
Такшалманы баштоо
Пикирлер
Данияр Абжалбек Уулу
InternLabs курсунда автоматташтырылган тестирлөө боюнча такшалмадан өттүм. Бул такшалма QA тармагына кирүүнү жана келечекте О! сыяктуу ири компанияда иштөөнү каалагандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп ишенимдүү айта алам.
Такшалманын программасы абдан жакшы түзүлгөн. Башында автоматташтыруунун негиздерин үйрөнүп, андан кийин керектүү шаймандар менен иштедик. Биз Java, Selenium, TestNG, Git, Maven, SQL сыяктуу программалоо тилдерин жана технологияларды үйрөндүк. Бул технологиялар чыныгы долбоорлордо колдонулат. Автотесттерди жазууга, долбоордун түзүмүнө жана локаторлор менен иштөөгө көп көңүл бурулду.
Теориялык билим менен эле чектелбестен, практикалык тапшырмаларды аткардык. Биринчи күндөн баштап эле чыныгы жумуштагыдай тапшырмаларды аткарып, тажрыйба топтодук. Насаатчылар – бул өз ишин мыкты билген адистер. Алар ар дайым жардам берүүгө даяр, пайдалуу кеңештерин айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, туура багыт берип турушат.
Бул такшалманын аркасында мен өзүмө ишеним арттырып, тестирлөөнү автоматташтыруу жаатында өнүгүүнү каалаарымды түшүндүм. Практикалык тажрыйба алып, керектүү көндүмдөргө ээ болгусу келгендер үчүн бул такшалма эң сонун мүмкүнчүлүк.
Омурбек Арыкбаев
Мен InternLabs QA 1.0 курсун ийгиликтүү аяктадым. Бул курс мага адис катары өсүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк берди. Окуу учурунда мен баа жеткис практикалык тажрыйбага ээ болдум, тестирлөө жаатындагы билимимди кеңейттим жана көптөгөн пайдалуу адамдар менен тааныштым.
Курсту толугу менен бүтүрө албаганыма карабастан, анын себеби жакшы жаңылык болду. Окууну аяктаганга чейин эле мени «НУР Телеком» компаниясына жумушка чакырышты.
ОМугалимдерге жана долбоорду уюштургандарга мыкты билим берүү чөйрөсүн түзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Алардын жардамы менен ар бир катышуучу кесиптик жактан өсүүгө жана натыйжада алдыңкы компаниядан жумушка чакыруу алууга мүмкүнчүлүк алды.
Калыйбек Кененбаев
Intern Labs QA 1.0 такшалмасытестирлөө тармагына кызыккандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Сабактар түшүнүктүү, практикалык тапшырмалар көп. Бирок эң маанилүүсү – насаатчылардын(менторлордун) мамилеси. Алар болгон күчүн жумшашат жана окууга кайдыгер мамиле кылууга жол беришпейт. Эгер ким бирөөтүшүнбөй жатса, ага кошумча түшүндүрүп, жеткирүүгө аракет кылышат. Бул жерде окуу сапатына абдан көңүл бурулуп, насаатчылар окуучуларга да, өздөрүнө да талаптыкатуу коюшат.
Эгер билим алып, тажрыйба топтоону кааласаң, анда бул такшалма сен үчүн.
Айзат Мадумарова
Программага кабыл алуу жөнүндө кулактандырууну кокус көрүп калгам, тандоо тестин акыркы күнү тапшырдым. Артка
кылчайып карап, жолум болуп стажерлордун катарына кошулуп калыпмын, анткени рынокто бул такшалманын аналогу жок. Биз
биргелешкен командалык маанай жана сергек атаандаштык чөйрөсүндө иштеп, дайым колдоо көрсөтүүгө, багыт берүүгө жана
билимин бөлүшүүгө даяр тажрыйбалуу насаатчылардын көз алдында түрдүү татаалдыктагы долбоорлорду иштеп чыктык.
Практика мага өзүмдүн күчтүү жактарымды жана үстүнөн дагы иштей турган жактарымды жакшы түшүнүүгө жардам берди, бул
албетте, мени кесиптик жактан андан ары өркүндөшүмө түрткү берет.
Андрей Тудос
О! компаниясынын INTERN LABS такшалмасынын аркасы
менен 39 жашымда иштеп чыгуучу катары жолумду баштадым. Мен
бешинчи топ менен окудум бул мен үчүн жашоомду жана эмгек жолумду
өзгөрткөн өтө кызыктуу тажрыйба болду. Intern Labs-тын аркасы менен
программалоодо ишенимге ээ болуп, командада иш алып баруу тажрыйбасы
менен баалуу билим алдым. Такшалманы ийгиликтүү өткөндөн кийин мени
дароо кичи иштеп чыгуучу кызматына алышты. Учурда мен мыкты
командада кызыктуу долбоорлор менен иш алып барам. INTERN LABS
кудуретимди ачууга жардам берди, мен бул тажрыйбама абдан ыраазымын.
Коркпостон алдыга кадам шилтеп, ойлогон ой-максаттарыңарга жетесиңер!
Михаил Чешев
Intern Labs-тын аркасы менен мен командада иш алып
барууга мүмкүнчүлүк алдым. Бул биз 2 ай ичинде долбоорду ишке киргизген
унуткус ар тараптуу тажрыйба болду. Мен иштеп чыгуучу кесибимди андан
ары өркүндөтүүгө чоң шык алдым. Себеби бул келечекти дайым пландап,
бир жерге турбастан, алдыга умтулта турган кесип.
Салтанат Галиева
«НУР Телеком» компаниясындагы такшалманын
жардамында мен башкы максатыма жеттим – кесипкөйлөрдөн Java боюнча
билим алып, иштеп чыгуу бөлүмүнө ишке орноштум. Такшалма көпкө
созулуп, кыйын болгону менен мен бул долбоорго катышканыма эч бир
өкүнбөйм. Азыркы билим деңгээлим мындан бир жыл мурункуга караганда
жогору турат деп ишенимдүү айта алам. Intern Labs-тын аркасы менен мен
мыкты компаниялардын биринде эмгектенип, кызыктуу долбоорлор менен
иштейм. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн О! компаниясына ыраазычылык
билдиргим келет.
Виктор Ли
Intern Labs өз билимимди чыныгы долбоордо сынап көрүү үчүн
жакшы мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары бул окуу лидердик
сапаттарды көрсөтүп, аларды программалоо командасында колдонууга
жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Артка кылчайып карап, МойО!+О!деньги
аттуу мыкты сунуштардын бирин иштеп чыгам деп элестете албайт элем.
Элдар Алтымышов
Intern Labs туурасында жарыяга кокус туш болгом.
Дароо жазылып, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Intern Labs-тагы бул
убакыт аралыгында иштеп чыгуудагы чыныгы тажрыйбага жакындашкан
сонун тажрыйба алдым, билимди бекемдеп, эмне менен алектенгим келет,
ким болгум келет экенимди түшүндүм. Өзгөчө окуу графигинин жана
окуунун өзүнүн жүрүшүнүн ыңгайлуулугун, катышуучуларга болгон ак ниет
мамилени өзгөчө белгилеп кетким келет. Мага О! компаниясында иштөө
сунушу келди, учурда алдыга койгон жаңы максаттарды багынтып, өнүгүп
келем.
Суроо-жооптор
Окуу үчүн акы төлөнөбү? жообу
Жеке ноутбук керекпи? жообу
Такшалмадан аралыктан өтүүгө болобу? жообу
Intern Labs-ка тандоо канчалык тез жүрүп турат? жообу
Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча такшалмадан Intern Labs-тан тышкары өтүүгө болобу? жообу
Мен окуумду такшалма менен айкалыштыра аламбы жообу