
Intern Labs – О! мобилдик операторунун билим берүү демилгеси, мында такшалмалар чыныгы долбоорлордун негизинде жүргүзүлөт. Биз үйрөнчүктөргө талаптагы IT багыттарын өздөштүрүп, О! компаниясынын кызматкерлеринен турган насаатчылардын жетекчилиги алдында иш жүзүндөгү көндүмдөргө ээ болууга жардам беребиз.

Java жана Python тилдеринде тестирлөөнү автоматташтыр, API, UI, логдор жана чыныгы долбоорлор менен иште
Кененирээк.png)
Google Play’де чыныгы долбоорлору жана релиздери бар, ыңгайлуу жана заманбап Android-тиркемелерди жарат
Кененирээк
Spring, Docker жана масштабдалган API менен чыныгы долбоорлорду жарат

Java жана Python тилдеринде тестирлөөнү автоматташтыр, API, UI, логдор жана чыныгы долбоорлор менен иште

Системанын алсыз жерлерин аныктап, кибер чабуулдардан корго

Apple түзүлүштөрү үчүн нөлдөн релизге чейин кесипкөй iOS-тиркемелерин түз
.png)
Google Play’де чыныгы долбоорлору жана релиздери бар, ыңгайлуу жана заманбап Android-тиркемелерди жарат
Такшалмадан өтөм деген бардык каалоочулар маалыматтын базалык алгоритмдерин жана түзүмдөрүн, ошондой эле такшалмадан өтөм деп пландап жаткан программа тили боюнча баштапкы билимге ээ болушу зарыл. Ошондой эле такшалма багытына жараша төмөнкү жөндөмдөр артыкчылыктуу болот: - бекенд иштеп чыгуусу үчүн unix серверлер менен иштей билүүсү - мобилдик иштеп чыгуу үчүн колдонмолорду мобилдик түзүлүштөрдө жөнгө салуу тажрыйбасы Талапкерлерди тандоодо биз анкеталарын, аларда баяндалган жетишкендиктерине карайбыз. Андыктан өз ийгиликтериңер: олимпиада жеңүүчүсү, жогорку жетишкендик, конференциялардагы жарыялар ж.у.с туурасында жазуудан тартынбагыла.

Биз аларга labs@nurtelecom.kg жөнөтмөдө жооп беребиз