Intern Labs-та такшалмалар

Java Backend Developer жана QA Automation багыттары боюнча 2024-жылдын 19-августунда башталган Intern Labs такшалмасына тандоо туру расмий түрдө 8-сентябрь күнү аяктады.

Өтүнмө берип, катышкандардардын баарына ыраазычылык билдиребиз!

Биздин жаңылыктардан кабардар болуп, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүн колуңуздан чыгарбаңыз!

Backend: Java

Backend: Java

Талаптар

Талаптар

iOS: Swift

iOS: Swift

Android: Kotlin

Android: Kotlin

Шарттары

Эмнени билүү керек

Такшалмадан өтөм деген бардык каалоочулар маалыматтын базалык алгоритмдерин жана түзүмдөрүн, ошондой эле такшалмадан өтөм деп пландап жаткан программа тили боюнча баштапкы билимге ээ болушу зарыл. Ошондой эле такшалма багытына жараша төмөнкү жөндөмдөр артыкчылыктуу болот:
- бекенд иштеп чыгуусу үчүн unix серверлер менен иштей билүүсү
- мобилдик иштеп чыгуу үчүн колдонмолорду мобилдик түзүлүштөрдө жөнгө салуу тажрыйбасы
Талапкерлерди тандоодо биз анкеталарын, аларда баяндалган жетишкендиктерине карайбыз. Андыктан өз ийгиликтериңер: олимпиада жеңүүчүсү, жогорку жетишкендик, конференциялардагы жарыялар ж.у.с туурасында жазуудан тартынбагыла.

Тандоо

Анкетаны толтуруу

Анкетаны толтуруу

Баштапкы тесттен өтүү

Баштапкы тесттен өтүү

Экинчи тесттен өтүү

Экинчи тесттен өтүү

Бизден чакыруу алуу

Бизден чакыруу алуу

Такшалманы баштоо

Такшалманы баштоо

Intern Labs тандоо:

Intern Labs долбооруна тандоо аяктады.

Эгер сиз катталып биринчи тандоо тестинен 12 (QA Automation) же 10 (Java Backend) жана андан ашык упай (1 туура жооп – 1 упай) топтогон болсоңуз, анда сиз төмөндөгү шилтеме боюнча экинчи жыйынтыктоочу тестке жеткилик аласыз:

Quality Assurance 2.0 – Automation багыты үчүн шилтеме https://labs.o.kg/mod/quiz/view.php?id=877
Quality Assurance 2.0 – Automation багыты үчүн шилтеме багыты үчүн шилтеме https://labs.o.kg/mod/quiz/view.php?id=605

Пикирлер

Татьяна Еременко

Өткөн жылы тестирлөөнү өз алдымча үйрөнө баштагам, сыйкырдуу кокустук сымал InternLabs QA 1.0. курстарына туш болдум. Бир да жолу өкүнгөн жокмун! Биринчи айларда тестирлөө негиздерин, анын ичинде ыкмаларды, куралдарды жана процесстерди терең өздөштүрө баштаганыбыздан улам программа абдан жакты. Бул мага тест-кейстерди кандайча түзүү керектигин, талаптарды талдап, сынактык документация кандайча түзүү керектигин түшүнүүгө жардам берди. Эң кызыгы жумушчу долбоор маалында башталды. Мен чыныгы маселелер үстүнө иштеп, иштеп чыгуучулар тобу менен иштештим, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууну үйрөндүм. Эң негизги түрткү болуп окуу маалында тажрыйбалуу тестирлөөчүлөр менен баарлаша алганым болду. Алардын чыныгы долбоорлор, кыйынчылыктары жана жакшы жетишкендиктери туурасында сөздөрү мага чоң дем берди. Мен тестирлөө – бул жөн гана каталарды издөө эмес, бул команда менен иштешүү жана продукту сапатын камсыздоо болот экенин баамдадым. Долбоордон мен билим гана албастан, өз жөндөмдөрүмө ишеним алдым, ошондой эле О! компаниясынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

Айзат Мадумарова

Программага кабыл алуу жөнүндө кулактандырууну кокус көрүп калгам, тандоо тестин акыркы күнү тапшырдым. Артка кылчайып карап, жолум болуп стажерлордун катарына кошулуп калыпмын, анткени рынокто бул такшалманын аналогу жок. Биз биргелешкен командалык маанай жана сергек атаандаштык чөйрөсүндө иштеп, дайым колдоо көрсөтүүгө, багыт берүүгө жана билимин бөлүшүүгө даяр тажрыйбалуу насаатчылардын көз алдында түрдүү татаалдыктагы долбоорлорду иштеп чыктык. Практика мага өзүмдүн күчтүү жактарымды жана үстүнөн дагы иштей турган жактарымды жакшы түшүнүүгө жардам берди, бул албетте, мени кесиптик жактан андан ары өркүндөшүмө түрткү берет.

Андрей Тудос

О! компаниясынын INTERN LABS такшалмасынын аркасы менен 39 жашымда иштеп чыгуучу катары жолумду баштадым. Мен бешинчи топ менен окудум бул мен үчүн жашоомду жана эмгек жолумду өзгөрткөн өтө кызыктуу тажрыйба болду. Intern Labs-тын аркасы менен программалоодо ишенимге ээ болуп, командада иш алып баруу тажрыйбасы менен баалуу билим алдым. Такшалманы ийгиликтүү өткөндөн кийин мени дароо кичи иштеп чыгуучу кызматына алышты. Учурда мен мыкты командада кызыктуу долбоорлор менен иш алып барам. INTERN LABS кудуретимди ачууга жардам берди, мен бул тажрыйбама абдан ыраазымын. Коркпостон алдыга кадам шилтеп, ойлогон ой-максаттарыңарга жетесиңер!

Михаил Чешев

Intern Labs-тын аркасы менен мен командада иш алып барууга мүмкүнчүлүк алдым. Бул биз 2 ай ичинде долбоорду ишке киргизген унуткус ар тараптуу тажрыйба болду. Мен иштеп чыгуучу кесибимди андан ары өркүндөтүүгө чоң шык алдым. Себеби бул келечекти дайым пландап, бир жерге турбастан, алдыга умтулта турган кесип.

Салтанат Галиева

«НУР Телеком» компаниясындагы такшалманын жардамында мен башкы максатыма жеттим – кесипкөйлөрдөн Java боюнча билим алып, иштеп чыгуу бөлүмүнө ишке орноштум. Такшалма көпкө созулуп, кыйын болгону менен мен бул долбоорго катышканыма эч бир өкүнбөйм. Азыркы билим деңгээлим мындан бир жыл мурункуга караганда жогору турат деп ишенимдүү айта алам. Intern Labs-тын аркасы менен мен мыкты компаниялардын биринде эмгектенип, кызыктуу долбоорлор менен иштейм. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн О! компаниясына ыраазычылык билдиргим келет.

Виктор Ли

Intern Labs өз билимимди чыныгы долбоордо сынап көрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары бул окуу лидердик сапаттарды көрсөтүп, аларды программалоо командасында колдонууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Артка кылчайып карап, МойО!+О!деньги аттуу мыкты сунуштардын бирин иштеп чыгам деп элестете албайт элем.

Элдар Алтымышов

Intern Labs туурасында жарыяга кокус туш болгом. Дароо жазылып, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Intern Labs-тагы бул убакыт аралыгында иштеп чыгуудагы чыныгы тажрыйбага жакындашкан сонун тажрыйба алдым, билимди бекемдеп, эмне менен алектенгим келет, ким болгум келет экенимди түшүндүм. Өзгөчө окуу графигинин жана окуунун өзүнүн жүрүшүнүн ыңгайлуулугун, катышуучуларга болгон ак ниет мамилени өзгөчө белгилеп кетким келет. Мага О! компаниясында иштөө сунушу келди, учурда алдыга койгон жаңы максаттарды багынтып, өнүгүп келем.

Суроо-жооптор

Окуу үчүн акы төлөнөбү? жообу
Жеке ноутбук керекпи? жообу
Такшалмадан аралыктан өтүүгө болобу? жообу
Intern Labs-ка тандоо канчалык тез жүрүп турат? жообу
Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча такшалмадан Intern Labs-тан тышкары өтүүгө болобу? жообу
Мен окуумду такшалма менен айкалыштыра аламбы жообу
Такшалма канчага созулат жообу
Сабактар кайда өтөт? жообу
Такшалма бүткөндөн кийин эмне болот? жообу
Сабактар кайсы тилде өтөт? жообу