🔹Эмне үчүн Intern Labs?
- Чыныгы долбоорлордо тажрыйба алуу
- Кесипкөй адистерден насаатчылык
- Заманбап технологиялар жана куралдар
- Такшалманы бүткөндөн кийин ишке кирүү мүмкүнчүлүгү
📌 Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба — каттоо башталды! Маалымат төмөндө.
Intern Labs – бул окуу аркылуу тажрыйбага, билим аркылуу ийгиликтүү карьерага жол ачкан такшалмалар. Биз жаңы баштагандарга чыныгы иш жүзүндөгү долбоорлор аркылуу талап кылынган IT кесиптерин өздөштүрүүгө жардам беребиз.
🚀 Intern Labs Cyber Security 1.0 курсуна кабыл алуу ачылды!
12-майдан тартып Intern Labsʹтан киберкоопсуздукбоюнча биринчи такшалмага арыздарды кабыл алуу башталды! Эгер сен маалыматты коргоо, системага кирүү тестин жүргүзүү жана аярлуу жактарын табуу сыяктуукиберкоопсуздуктун сырларын үйрөнүп, бул тармакта тажрыйбалуу адистерден билим алгың келсе, анда бул такшалма сен үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
📅 Арыздарды кабыл алуу 25-майга (кошо алганда) чейин ачык. Кийинкиге калтырба —убакыт аз калды!
Эгер сен ITтармагындагы эң керектүү кесиптердин бирин тандап, карьераңды ийгиликтүү баштоону кааласаң — бүгүндөн калбай кошул!
Такшалмадан өтөм деген бардык каалоочулар маалыматтын базалык
алгоритмдерин жана түзүмдөрүн, ошондой эле такшалмадан өтөм деп
пландап жаткан программа тили боюнча баштапкы билимге ээ болушу зарыл.
Ошондой эле такшалма багытына жараша төмөнкү жөндөмдөр
артыкчылыктуу болот:
- бекенд иштеп чыгуусу үчүн unix серверлер менен иштей билүүсү
- мобилдик иштеп чыгуу үчүн колдонмолорду мобилдик түзүлүштөрдө
жөнгө салуу тажрыйбасы
Талапкерлерди тандоодо биз анкеталарын, аларда баяндалган
жетишкендиктерине карайбыз. Андыктан өз ийгиликтериңер: олимпиада
жеңүүчүсү, жогорку жетишкендик, конференциялардагы жарыялар ж.у.с
туурасында жазуудан тартынбагыла.
Анкетаны толтуруу
Баштапкы тесттен өтүү
Экинчи тесттен өтүү
Бизден чакыруу алуу
Такшалманы баштоо
Орус тилинде толтургула